Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Атамбаев: Калкты каттоонун заманбап ыкмалары коррупцияны жоёт


Жарандарды эсепке алуунун жана каттоонун заманбап технологияларын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылууга, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, коррупцияны жоюуга, шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчы калкты тейлөөнү жөнөкөйлөтүү, сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин экинчи баскычын иштеп чыгуу концепциясынын негизги багыттары, ошондой эле жарандарды алдыңкы маалымат технологиясын пайдалануу менен тейлөөнү уюштуруу боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат алды.

Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалымат чогултуу жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча пландар жөнүндө айтып берди. (RК)

XS
SM
MD
LG