Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Элмира Жумалиева лидери Канатбек Исаевдин үстүнөн Башкы прокуратурага жана Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" бүгүн кабарлады. Айтымында, Исаев документтерди жасалмалаганы үчүн жооп бериши керек.
Белгилүү болгондой, өткөн аптада фракциянын сунушунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Элмира Жумалиеваны жана дагы бир депутат Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок Бишкектин Биринчи Май райондук соту бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.
БШКнын доо арызы Жогорку Сотто 21-январда каралганы жатат. (ZKo/RK)