20-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында бир аз кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -5...-10, түндүгүндө -10...-15, күндүз 1...6, түндүк тарабында -3...+2,
Таласта түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5,
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...+1,
Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -13...-18.
Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 3…5.