Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Кыргыз футболчулары молдовалык атаандаштары менен беттешүүдө (түз видео)


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22). 17-январь, 2015-ж. Санкт-Петербург.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22). 17-январь, 2015-ж. Санкт-Петербург.

Бүгүн, 19-январда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Молдованын жаштар курама командасы менен шериктештик кубогунун алкагында беттешүүдө. Оюн Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Петербургский" стадионунда Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат үчтө башталды. Оюндун жүрүшүн мелдештин расмий сайтынан көрүүгө болот.

​Шериктештик кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышууда. Кыргызстан "А" тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстандын курама командалары менен ойнойт. 17-январда кыргыз футболчулары Беларус футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алышкан. Оюндагы жалгыз голду 39-мүнөттө пенальтиде Ахлидин Исраилов киргизди.

Кыргызстан менен Молдованын футбол беттеши (түз видео)

​Ушул эле күнү алгачкы беттешинде Молдова курамасы казакстандык атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Кыргыз футболчулары тайпалык тандоо оюндарынын алкагында акыркы оюнун 21-январда казак футболчулары менен өткөрөт. Бул кубоктун финалдык оюндары 23-январда өтөт.

Былтыр башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилигинде Кыргызстандын жаштар курама командасы тайпалык тандоо мелдешинде Орусия курамасын 2:1 эсебинде утуп, тайпада биринчи орунга чыккан. Мелдештин жалпы жыйынтыгында алдыңкы алты команданын катарына кошулган.

Жаштар курама командасында 22 жашка чейинки уландар бар. (ECh)

XS
SM
MD
LG