Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Тор кийим тигүүчүлөр электр үзгүлтүгүнө нааразы


Кыргызстандык тор кийим тигүүчүлөр электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканына байланыштуу кыйынчылыктар пайда болгонун айтууда. Бул тууралуу алар эртең, 20-январда Бишкекте өтчү маалымат жыйынында айтып бермекчи.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 25ке жакын ишкана тор кийим чыгарат. Кадимки тигүү цехтеринен айырмаланып, трикотаж ишканаларында электрдин өчүп-күйүшү технологиянын, жабдуунун бузулушуна, продукциянын жарактан чыгышына алып келет.

Ошол себептен улам кызматташууга кызыкдар өлкөлөр менен келишим түзүү жагы үзгүлтүккө учурап жатканы айтылууда.

Ал арада Бишкек, Чүй жана Таласты электр энергиясы менен камсыз кылган "Түндүкэлектр" ишканасынын маалыматына караганда, өткөн жылдарга салыштырганда быйыл кышында жарыкты өчүрүү дээрлик болгон жок. "Акылдуу эсептегичтерди" орнотуу маалында жана түрдүү техникалык авария чыккан учурда гана өчүрүлбөсө, негизинен жалпы абал туруктуу", деп билдирди "Азаттыкка" ишкананын маалымат катчысы Гуля Мураталиева. (RK)

XS
SM
MD
LG