Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Нарында дарыгерлердин айлык маселеси чечиле элек


Нарында дарыгерлердин айлык маселеси дагы эле чечилбей жатат. Бүгүн социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зуурабүбү Каденова өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдонгонун, маселени оңунан чечүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында өткөн жылдын соңунда 50гө чукул дарыгер нааразылык билдирип чыгышкан. Алар 2012-жылы өзгөртүлгөн "Эмгек кодексинин" 333-беренесине байланыштуу бир ставкадан ашык иштегени үчүн кошулчу үстөк акчанын алынып салынышына каршылык билдирген. Мындай нааразылык акциялары бир нече жолу өткөн.

Адис жетишсиздигинен улам аталган ооруканада дарыгерлердин дээрлик 100% бир ставкадан ашык иштейт. Акыркы жылдары жаш кадрлар келгени жокко эсе. (MiK)

XS
SM
MD
LG