Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы молдовалык атаандаштарына жеңилди. Оюн бүгүн, 19-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы “Петербургский” стадионунда Шериктештик кубогунун алкагында өтүп, 2:0 эсебинде аяктады. Оюндун биринчи таймы 0:0 эсебинде аяктаган. Экинчи таймда 54-мүнөттө Молдованын жарым коргоочусу Евгений Ребения алгачкы голду киргизип эсепти ачты. Оюндун 84-мүнөтүндө чабуулчу Вадим Пайреле экинчи голду киргизүүгө мүмкүнчүлүк алып, эсеп ажырымын көбөйттү.
Шериктештик кубогунун оюндары 17-январда Санкт-Петербург шаарында башталган. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышууда. Кыргызстан “А” тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстандын курама командалары менен ойнойт. 17-январда кыргыз футболчулары Беларусту 1:0 эсебинде утуп алган. Оюндагы жалгыз голду 39-мүнөттө пенальтиде Ахлидин Исраилов киргизди. Ал эми Молдова курамасы алгачкы беттешинде казакстандык атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алган.
Кыргыз футболчулары тайпалык тандоо оюндарынын алкагында акыркы оюнун 21-январда казак футболчулары менен өткөрөт. Бул кубоктун финалдык оюндары 23-январда өтөт.
Былтыр 2015-жылда башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилигинде Кыргызстандын жаштар курама командасы шериктештик кубогунун тайпалык тандоо мелдешинде Орусия курамасын 2:1, тажикстандык футболчуларды 3:1 эсебинде уткан. Ал эми Молдова жана Латвия курамалары менен 1:1 эсебинде тең ойноп, Финляндияга 1:0 эсебинде жеңилип "В" тайпасында биринчи орун менен плей-оффко чыккан эле. Мелдештин жалпы жыйынтыгында алдыңкы 6 команданын катарына кошулган.
Жаштар курама командасында 22 жашка чейинки уландар бар. ECh.