Түркиянын Измир шаарында 9-10-январь күндөрү өткөн “Дүйнөлүк окумуштуулар кубогу” (The World Scholar’s Cup) олимпиадасында Кыргызстандагы кыргыз-түрк “Себат” лицейлеринен барган команда 5 алтын жана 6 коло медаль менен кайтышты. Аталган мекемеден кабарлашкандай, турнирге дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн окуучулар катышты.
Кыргызстандын атынан эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейинин 3 окуучусу - Темирлан Койчукеев, Азим Муканбетов жана Санжар Ражапов барып, ар кайсыл темадагы бир канча дебаттардан 5 алтын жана 6 коло медаль менен сыйланышты жана Таиландда өтө турган финалдык турга жолдомо алышты. (SE)