Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Ошто аймактык коопсуздук маселеси талкууланат


Ош шаарынын кире бериши.
Ош шаарынын кире бериши.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы аймактык коопсуздукту камсыздоо жана диний экстремизмди алдын алуу жаатында бүгүн чоң жыйын курат. Ага күч тармактарында иштегендер менен коомчулук өкүлдөрү чакырылган. Аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, жыйында аймактык, кварталдык комитет жетекчилери учурдагы негизги көйгөйлөр тууралуу милицияга маалымат берет. Дин кызматкерлери экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын жана көйгөйлөрүн ортого салышат.

Кыргызстанда диний экстремисттик уюмдарга азгырылгандардын көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында экени айтылып келатат. (SE)

XS
SM
MD
LG