Кыргызстандык тор кийим тигүүчүлөр электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап жатышы жеңил өнөр-жай тармагына терс таасир тийгизип жатканына нааразы. Бул маселени алар бүгүн, 20-январда Бишкекте өтчү маалымат жыйынында көтөрүшөт.
Уюштуруучулар кабарлагандай, учурда Кыргызстанда 25ке жакын ишкана тор кийим чыгарат. Кадимки тигүү цехтеринен айырмаланып, трикотаж ишканаларында электрдин өчүп-күйүшү жабдуунун бузулушуна, продукциянын жарактан чыгышына алып келет.
Ишкерлер бул жаатта кызматташууга кызыкдар өлкөлөр менен келишим түзүү жагы электр көйгөйүнөн улам үзгүлтүккө учурап жатканын белгилешет.(SE)