Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Керри менен Лавров кыйын кырдаал курчуган мамлекеттердин маселесин талкуулайт


Керри жана Лавров.
Керри жана Лавров.

Бүгүн, 20-январда Швейцариянын Цюрих шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугат. Алар Сирия менен Украинадагы кырдаалды, Ирандагы санкциялар алынгандан кийинки жагдайды талкуулашмакчы.

ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, тараптар Москва менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтыктын күңгөй-тескейин да талкуулашат. 25-январда Женевада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү пландалгандыктан, Керри менен Лавровдун жолугушуусунун негизи багытын Сириядагы абал түзөт.

Бириккен улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, Сирияда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн кийин алты ай ичинде өткөөл өкмөт түзүлүп, жаңы конституциянын долбоору иштелип чыгышы керек жана 18 айдан соң эркин, акыйкат шайлоо өткөрүү зарыл.(SE)

XS
SM
MD
LG