Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы Москванын чечимине тынчсызданды


Анн Брассёр.
Анн Брассёр.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төрайымы Анн Брассёр Москва 25-январга белгиленген кышкы сессияга катышуудан баш тартканын уюм өкүнүү менен кабыл алганын айтты. Кышкы сессия Франциянын Страсбург шаарында 25-январда өтөт. Брассёр дүйшөмбү күнү Орусия парламентинин кош палатасынан сессияга катышуудан баш тартуу боюнча кат келгенин билдирди.

Орус тарап 2014-жылы Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылган. Буга Крымдын аннексияланышы негиз болгон. 2015-жылы Орусияга киргизилген санкциялардын мөөнөтү узартылган соң Москвадан барган делегация Страсбургдагы сессиядан чыгып кеткен. Орусия парламентчилери андан берки жыйындарга бойкот жарыялап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG