Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

“Ислам мамлекети” тобу “жихадчы Жондун” өлүмүн бышыктады


"Жихадчы Жондун" колунан өлүм тапкандар.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунда “Жихадчы Жон” деп таанылган британиялык согушкер Мухаммед Эмвази каза болгонун аталган топ бышыктады. Эмвази бир канча чет элдик кишилерди мууздаган видеотасмалар аркылуу белгилүү болчу.

Террордук уюмдардын ишмердигине байкоо салган SITE тобу экстремисттер тараткан кабарга таянып билдиргиндей, ал 2015-жылдын ноябрь айында Ракка шаарында учкучсуз учактын чабуулунан мерт кеткен. Анын өлүмү тууралуу былтыр күзүндө тастыкталбаган маалымат тараган болчу.

Жарандыгы британиялык “Жихадчы Жон” Кувейттин тургуну. Ал экстремисттердин колуна түшкөн бир топ чет элдиктерди мууздап, бийликтерге опуза жасаган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG