Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Орусия менен КМШда экономика начарлоодо


Орусиянын бажы өткөрмө пункту.
Орусиянын бажы өткөрмө пункту.

Орусия менен КМШда экономика начарлап жатат. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун божомолунда айтылат. Аталган уюм Орусиянын экономикасы дагы төмөндөшү мүмкүн экенин, ал эми КМШ мейкиндигиндеги мамлекеттерде да өсүш жайлай турганын жарыялады.

2016-жылы Орусиянын экономикалык өсүшү 1 пайызга кыскарат, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ички дүң өнүмү 0,5 пайыздан 2,3 пайызга чейин түшөрү күтүлүүдө. Мунайдын баасынын арзандашы жана Батыштын санкцияларынан улам быйыл орус экономикасы олуттуу кыйынчылыктарды баштан кечириши ыктымал.

Эл аралык валюта фондунун баяндамасында Орусияда өнүгүү 2017-жылы кайра башталары, КМШда 3,2 пайыз жылыш болору айтылат. Ошондой эле дүйнөлүк экономикада дагы артка кетүү болору жоромолдонгон. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG