Бишкектеги №1 тергөө абагында бийиктиктен кулаган кызматкердин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Окуя кечээ кечинде болгон. Коопсуздук кызматкери кароол секиге чыгып баратып сыйгаланып жыгылып түшкөн. Башынан жараат алып, 4-ооруканага жеткирилген. (RK)