Ош облусунун Өзгөн районунда мушташка катышкандан кийин бир апта соң өлүмгө учураган жаран боюнча кылмыш иш козголо элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" анын жакындары кабарлашты.
Алардын айтымында, эки апта мурда Бишкек-Ош унаа жолунун Өзгөн тараптагы Шералы участогунда 22-23 жаштагы балдар жол талашып мушташа кеткен. Бир жумадан кийин окуянын катышуучуларынын биринин, Дөң-Булак айылынын тургунунун моюнунан асынган сөөгү өз үйүнөн табылган. Бирок ата-энеси аны бирөөлөр өлтүрүп, сөөгүн асып кеткенин айтууда. Себеби, алардын белгилешинче, баланын моюнунда эки из калган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Мерт болгон баланын жакындарынын айтымында, милиция кылмыш иш козгоо маселеси экспертизанын жыйынтыгына жараша чечилерин билдирген. (YI)