Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

"Ата Мекен": ГЭСке корогон 37 млн долларды депутаттык комиссия текшерсин


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Кыргызстанда ГЭС куруу үчүн Орусия бөлгөн 37 миллион доллардын сарпталышын текшерип чыгуу керек деп талап коюуда. Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов айтты:

- Нарын каскады салынып жаткан жерден мен көп өтөм. Ал жакта 37 миллион доллар эмес, 5 миллиондук чыгымды да көрө элекмин.

Орусия Кыргызстанда Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруп бермей болуп, 2012-жылы Бишкекте эки тарап макулдашууга кол койгон. Бирок былтыр жыл этегинде Кыргызстан Орусия өз милдеттерин аткара албай жатат деген негизде макулдашуудан чыгарын жарыялады. Бүгүн денонсация боюнча документти Жогорку Кеңеш карап жатат.

Экономика министринин маалыматына караганда, 2013-жылдан бери Орусия бөлгөн каражаттын суммасы 37 миллионго жетти жана бул акчага Нарында инфраструктуралык объекттер курулду. (RK)

XS
SM
MD
LG