Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Азербайжанда "кара январь" курмандыктары эскерилүүдө


Азербайжанда бүгүн совет бийлигинин тушунда, 1990-жылдын 20-январында жайкын тургундарга ок атылган окуяны эскеришүүдө. Бул күн өлкө тарыхында "кара январь" деген ат менен белгилүү болуп калган. Бакуда бүгүн эскерүү чараларына байланыштуу полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12де "кара январь" курмандыктарын эскерүү мүнөтү өтүп, өлкө туусу ылдый түшүрүлдү. Бакунун Шейиттер аллеясындагы эскерүүгө президент Илхам Алиев да катышты.

26 жыл мурда Совет бийлиги Азербайжандагы таасирин сактап калуу үчүн күч колдонгон. 1990-жылдын 20-январына караган түнү Бакуга кирген советтик аскерлер элге ок аткан эле. Андан 137 жайкын тургун ажал таап, 700дөн ашуун киши жаракат алган. Бул окуядан соң миң чакты адам мыйзамсыз камалганы айтылып келет.

XS
SM
MD
LG