Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Ысык-Көлдө жаратылышка зыян келтиргендерге каршы күрөш талкууланды


Ысык-Көлдө жаратылышка зыян келтирген кылмыштарга каршы күрөш жакшы жүрбөй жатат. Бул тууралуу бүгүн облустук координациялык кеңешмеде айтылды.

Расмий маалыматка караганда, былтыр бул багытта 80 кылмыш иш катталды. Жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу департаментинин Ысык-Көл өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Төлөгөн Үсөнбаевдин билдиришинче, мунун 22си өсүмдүктөргө байланыштуу болсо, 58и жапайы жаныбарларга тийген зыян боюнча болду.

Териштирүүнүн негизинде кылмышкерлерге салынган 1,3 миллион сом айыппулдун 561 миңи гана төлөндү.

Облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев балык кармаган браконьерлер менен күрөш да натыйжа бербей жатканын айтып, мындай кылмышка шектүүлөрдүн тизмесин түзүүнү сунуш кылды.

- Атайын адистешкен адамдар гана балык кармап, аңчылык кылат. Ар бир айылга барса болот. Себеби элеттиктер ким, кайда дайым аңчылык кыларын билет, - деди. (AsM)

XS
SM
MD
LG