Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Мандат чыры боюнча иш бүгүн Жогорку Сотто каралат


Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатынан ажыратуу маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын арызы бүгүн Жогорку Сотто каралат.

БШК 11-январда фракция жетекчилигинин сунушу менен эки депутатты мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. Эл өкүлдөрү буга нааразы болуп, Бишкектин Биринчи Май сотуна кайрылышкан. Сот алардын пайдасына чечим чыгарган. Буга нааразы болгон БШК Жогорку Сотко кайрылган.

Депутаттар кызматты тапшырууга арыз жазбаганын айтып, фракция жетекчилиги жең ичинен иш бүтүргөн деп даттанышууда. Бул маселени Башкы прокуратура да текшерип жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG