Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Кабулдагы орус элчилигинин алдында катуу жардыруу болду


Ооганстандагы орус элчилигинин имаратынын алдындагы бүгүнкү катуу жардыруудан беш адам өлүп, 20дан ашуун киши жаракат алганын ооган маалымат каражаттары кабарлады.

Ооган ички иштер министрлигинин өкүлү Нажиб Даниш бир жан кечти миналанган машинени элчилик алдында жардырып жибергенин билдирди. Андан элчилик имараты чаңга буланып калган. Кабулдагы орус элчилиги жардыруудан кызматкерлери жапа чекпегенин маалымдады.

Жардыруу үчүн азырынча эч кайсы террордук уюм жоопкерчилик ала элек. Акыркы убакта "Талибан" кыймылы ооган баш калаасы менен башка ири шаарларында мындай жардыруулар коштогон террордук чабуулдарын күчөткөнү белгилүү.

XS
SM
MD
LG