Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Молдова парламенти европачыл жаңы өкмөттү бекитти


Молдова парламенти бүгүн Павел Филип баштаган европачыл маанайдагы жаңы өкмөттү бекитүү менен өлкөдөгү саясий кризиске чекит койду. Жаңы өкмөттү парламенттеги 101 депутаттын 57си колдоду. Башкаруучу Демократиялык партиянын мүчөсү, 49 жаштагы Павел Филип буга чейин телекоммуникация министри болуп иштеген.

Молдова былтыр октябрда өкмөт коррупциялык чатактан улам кызматтан кеткен соң саясий кризиске кептелген. Бүгүнкү добуш берүү полициянын жүздөгөн кызматкеринин коргоосунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өттү. Анткени тышта миңдеген демонстранттар эрте шайлоо өткөрүү талабы менен турушту. Митингди орусиячыл оппозициялык саясатчылар уюштурганы менен арасында европачыл маанайдагы демонстранттар да болду. Алар жаңы өкмөт да ошол эле башкаруучу партиядан куралганына нааразы жана мурдагы өкмөттүн коррупциялык тажрыйбасын сындыра аларынан күмөн санашууда.

XS
SM
MD
LG