Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Астрономдор Күн системасында жаңы планета табылганын жарыялашты


АКШдагы астрономдор Күн системасында тогузунчу планета табылганын жарыялашты. Ал 2006-жылы ири планеталардын катарынан чыгарылган Плутондун ордун ээлеши мүмкүн. Калифорниядагы технологиялык изилдөөлөр институтунун адистери 19-январда жарыялаган баяндамада айтылгандай, жаңы табылган планетанын көлөмү Жерден 10 эсе чоң жана ал Күндү 10-20 миң жылда айланып бүтөт.

Күн системасында 2006-жылга чейин тогуз планета бар деп айтылып жүргөн. Бирок Плутондун көлөмү чакан болгондуктан, планета деп айтууга болбойт деп тизмеден чыгарылган жана ошол жылы илимге кирген “Эргежээл планеталар” тизмесине кошулган.

Азыр күн системасында Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун аталышындагы ири планеталар бар. Андан сырткары бир катар майда планеталар белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG