Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Тажикстанда сакалчандардын саны азайууда


Тажикстанда милиция кызматкерлери сакалчандар менен күрөшүүнү улантууда. Соңку бир жылда эле Хатлон облусунда 13 миңге жакын адамдын сакалы күч менен алынып салынганын облустук милициянын башчысы Бахром Шарифзода билдирди.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери диний кийим кийгендерге каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча да отчет берүүдө. 2015-жылы 2 миңге жакын аял хижаб кийүүдөн баш тартып, мындай кийим саткан 162 дүкөн дагы жабылды.

Бийликтердин хижаб кийгендерге жана сакалчандарга каршы күрөшү былтыр жазында башталган.

Сегиз миллион калкы бар Тажикстанда 90 пайыз калк мусулмандар. Исламдагы милдеттүү эмес эрежелер боюнча, эркек сакал коюп жүрүшү керек. Ал эми хижаб аялдар үчүн абзел кийимдин түрүнө кирет. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG