Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Бакиров: Камсыздандырууга ай сайын ар бир жаран алты миң сом төлөшү керек болот


Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

Эгер өкмөт сунуштап жаткандай камсыздандыруу системасы киргизиле турган болсо ар бир кыргызстандык ай сайын 6 миң сомдон төлөп турушу керек. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, жер, автоунаа жана турак жайды камсыздандырууга орточо эсеп менен алганда ар бир жаран 6 миң сом чыгымга учурайт:

- Ошол эле мезгилде биздин жарандардын капчыгы 6 миң сомго калыңдадыбы, экономикабыз 6% өстүбү же инфляция азайдыбы? - деп суроо койду эл өкүлү.

Камсыздандырууга башка депутаттар да каршы чыгууда. Мисалы, "Ата Мекен" фракциясы бул системага 2020-жылдан кийин гана өтүү мүмкүн болот дейт.

Ал эми "Бир Болдун" депутаты Акылбек Жапаров бул чечим элдин нааразылыгын жаратып, толкундоолорго алып келиши ыктымал деп эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG