Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Мандаты талаш депутаттардын тарапкерлери пикет өткөрүүдө


Пикет Жогорку Сот алдында өтүүдө
Пикет Жогорку Сот алдында өтүүдө

Ушу тапта Жогорку Соттун имаратынын алдында 30 чакты адам нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар мандатынан ажыраган депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованын тарапкерлери. Колуна "Биз Жогорку Соттон акыйкат чечим күтөбүз", "Өлкө Канат Исаевдин "түшүнүгү" боюнча эмес, мыйзам негизинде жашоосу керек" деген сыяктуу жазууларды кармап турат.

Эки депутат Жогорку Кеңештеги Канат Исаев жетектеген "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү. Алар фракция сунушунун негизинде өткөн аптада Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен мандатынан ажыраган. Бирок Биринчи Май райондук соту бул чечимди мыйзамсыз деп тапкан.

Ушу тапта маселе Жогорку Сотто каралганы жатат. (SDz/RK)

XS
SM
MD
LG