Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Молдовадагы тополоңдо он киши жаракат алды


Демонстранттар парламент имаратынын сыртында полиция менен тирешип жаткан учур. Кишинев, 21-январь, 2015-жыл.
Демонстранттар парламент имаратынын сыртында полиция менен тирешип жаткан учур. Кишинев, 21-январь, 2015-жыл.

Алар демонстранттар тобу мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү талабы менен парламент имаратына кирип барган учурда жаракат алышкандар.

Окуя депутаттар европачыл багытты карманган жаңы өкмөттүн курамы үчүн добуш берген кезде болду.

Демонстранттардын жолун полициянын атайын күчтөрү торогон. Жаракат алгандардын жетөө полицейлер, ал эми башынан жаракат алган үч саясатчынын арасында мурда президенттин милдетин убактылуу аткарган Михай Гимпу да бар.

Парламент кечээ бекиткен өкмөттү бийликтеги Демократиялык партиянын төрага орун басары Павел Филип башкарат.

Молдованын мурдагы өкмөтү банк чөйрөсүндө чыккан жаңжалга байланыштуу былтыр октябрда кызматтан кеткен, андан бери парламент премьер-министрди эки ирет шайлай албай койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG