АКШнын Калифорния штатында 23 жаштагы кыргызстандык Алмазбек Таиров унаа кырсыгынан набыт болду. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн 25 миң доллар каражат топтолууда. Бул тууралуу “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук уюмунан кабарлашты.
Маркум Сан-Францискодо 19-январь күнү жамгыр жаап аткан учурда мотоцикл менен жумушка бараткан кезде кырсыкка кабылган. Алмазбек Таиров Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейин аяктаган. (SE)