Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:03

“Республика – Ата Журт” вице-спикерге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясы вице-спикер Нурбек Алимбековго ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү жыйынында талкуулап, сунуштама даярдайт. Бул тууралуу 21-январдагы парламенттин жалпы отурумунда фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирген. Буга “Кыргызстан” фракциясындагы мандат чыры боюнча маселе Жогорку Кеңештин күн тартибинен улам алынып, депутаттардын талап кылуусу менен гана каралганы негиз болгон.

Бабановдон сырткары дагы ондон ашуун депутаттар Алимбеков “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү болгондуктан жагдайды талкуулоону атайылап артка сүргөнүн айтып, вице-спикерге нааразылык билдиришкен. Ушундан кийин гана маселе бейшемби күнкү жыйында каралды. (SE)

XS
SM
MD
LG