Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Жумалиева мандат талашы боюнча Конституциялык палатага кайрылат


Парламент депутаты деген мандатынан ажыратылган Элмира Жумалиева Жогорку Соттун чечимин мыйзам бузуу деп атап, эми Конституциялык палатага кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Ал сот чыгарган бүтүмдү жең ичинен жасалган иш катары сыпаттады.

Жумалиева Конституциялык палатага кайрылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

“Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январда чыгарган чечимин бейшемби күнү Жогорку Сот күчүндө калтырды. 15-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ал чечимди мыйзамсыз деп тапкан эле. Буга нааразы болгон БШК Жогорку Сотко кайрылган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG