Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Азери журналистин Амаль Клуни коргойт


Хадижа Исмаилова жана Амаль Клуни.
Хадижа Исмаилова жана Амаль Клуни.

Абакта олтурган азери журналисти Хадижа Исмаилова дүйнөгө таанымал адвокат Амаль Клуни Европанын Адам укуктары боюнча сотунда анын өкүлү болорун ырастады.

Калемгердин адвокаты Фариз Намазлинин атайын билдирүүсүнө караганда, Исмаилова Клунинин сунушун ал “Аль-Жазира” телеканалынын журналисти Мохамед Фахмини 2014-жылы Египетте камалганда коргогондогу “каармандыгын” эске алып макул болду.

Голливуд жылдыз Жорж Клунинин жубайы Амаль буга чейин WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж, Украинанын мурдагы премьери Юлия Тимошенко өңдүү бир катар белгилүү адамдардын ишинде адвокат катары чыккан.

Ал былтыр армяндардын Осмон империясы учурундагы кырылуусун геноцид катары таануу боюнча сот ишинде Армениянын өкүлү болгон эле.

Азербайжандын мамлекеттик медиасы Амаль Клунини Исмаилованын ишин Армения боюнча сотто уттургандан кийин “түркий” өлкөлөргө кастарын тигип калганы үчүн алды деп айыптады.

Исмаилова болсо адвокаты аркылуу ал бир күнү абактан чыкканда Клуни менен кездешип, армяндардын массалык кыргыны боюнча “кыйла реалдуу маалыматтарды” бере аларына үмүттөнөрүн билдирген.

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосу менен кызматташкан журналист Хадижа Исмаилова былтыр жети жарым жылга соттолгон. Ага чейин президент Ильхам Аливдин үй –бүлө мүчөлөрүнүн бизнеси, кыймылсыз мүлктөрү, азери режиминдеги коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрүн жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG