Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Бишкекте Төлөмүш Океевге арналган көргөзмө өтөт


Төлөмүш Океев
Төлөмүш Океев

Бишкектеги Токтогул атындагы адабият музейинде бүгүн кинорежиссер, СССР эл артисти Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Аны Бишкек мэриясынын музейлер бирикмеси уюштурууда. Көргөзмөгө маданий ишмердин өмүр-таржымалына арналган эмгектер, сүрөт жана китептер коюлат.

Океев 1935-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. 2001-жылы 66 жаш курагында жүрөк оорудан Анкарада каза таап, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Анын “Бакайдын жайыты”, “Уркуя”, "Көк серек", “Кызыл алма”, “Алтын күз”, “Ак илбирстин тукумдары" деген тасмалары белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG