Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Молдовада радикал реформаларды талап кылган митинг уланууда


Кишинёвдогу митингге 21-январда 7000 киши катышканы кабарланды.
Кишинёвдогу митингге 21-январда 7000 киши катышканы кабарланды.

Кишинёв шаарында миңдеген кишилердин катышуусундагы нааразылык акциясы 21-январда уланып, бийликти жемкорлордон тазалаган реформаларга баруу чакырыгы жасалды. Жапырт нааразылыкка карабай жаңы дайындалган европачыл өкмөттүн башчысы Павел Филип ишин баштап, алгачкы жолугушууларды өткөрдү.

Парламент имараты алдына жыйналгандар болсо депутаттарды таратып, мөөнөтсүз шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылууда. Андан сырткары эл өкүлдөрүнүн саны 101ден 71ге түшүрүү талабы да коюлуп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, 20-январь күнү парламент имаратына бастырып кирген демонстранттардын ичинен 10 киши жараат алган.

Молдованын буга чейинки өкмөтү банк тармагында чыккан жаңжалга байланыштуу былтыр октябрда кызматтан кеткен эле. Андан бери парламент премьер-министрди эки ирет шайлай албай койгон. (SE)

XS
SM
MD
LG