Тунистин Касерин провинциясында жумушсуздуктун айынын башталган нааразылык акциялары бир канча шаарларда уланууда. 21-январда Фериана калаасында демонстрацияга чыккандарды таратуу учурунда полиция менен эл кагылышып, бир күч кызматкери мерт кеткенин Орусиянын ТАСС агенттиги Тунистеги маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.
Адамдар 2011-жылдагы бийлик алмашуудан бери социалдык маселелер чечилбей, жумушсуздук улам өсүп жатканына нааразылык билдиришүүдө. (SE)