Кыргыз ишкерлери бүгүн, 22-январда Түркиянын Орто чыгыш өнөр жай жана соода борбору ОСТИМ менен жакындан таанышууда. ОСТИМ - Анкарада жайгашкан 5200 ишканадан турган өндүрүш аймагы. Ал жерде товардын 190 түрү өндүрүлүп, дүйнөнүн 17 өлкөсүнө экспорттолот. 5 миллион чарчы метр аймактагы комплексте 60 миң киши иштейт.
Түркиянын мыйзамдары боюнча он жумушчусу бар ишкана микро, жүз кишиге чейин чакан, 250гө чейин жумушчусу бары орто бизнес деп саналат. Иш ушул көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт жана ошого жараша мамлекеттен колдоо алат.
Анкарада кечээ эки күндүк кыргыз-түрк бизнес-форуму башталган. Ага эки тараптан 300дөй өкүл катышууда. (UEz/RK)