Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга 100 млн сом бөлүнөт


Жалал-Абад шаарындагы чарба жана курулуш иштерине быйыл жергиликтүү бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат борборунан кабарлашты. Шаар мэри Салайдин Авазов мекеме, ишканалардын жетекчилерине тиешелүү тапшырма берди.

Быйыл калаанын Ленин көчөсүн кеңейтүү иши улантылып, жол боюна 2 млн даана түрдүү гүл отургузулат. Мындан сырткары борбордук базардын жанына асма көпүрө салынып, “Курманбек” стадионун реконструкциялоонун экинчи этабы да жүрөт.

Ошондой эле быйыл эс алуу бактарынын абалын жакшыртуу максатында "Экопаркка" 4600 даана, ал эми "Нооруз" сейил багына 600 даана дарак отургузулат.

Шаардын жылдык бюджети 300 млн сомдун тегерегинде. (RsK)

XS
SM
MD
LG