Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Бишкектен барган доктурлар Жалал-Абадда кош бойлуу келиндерге жардам берүүдө


Жалал-Абад шаарындагы облустук төрөтканада бул күндөрү Бишкектен барган 5 тажрыйбалуу доктур иштеп жатат. Алар оор абалда келген кош бойлуу аялдарга төрөт учурунда операция жасап, дарыгерлерге жана аялдарга атайын лекцияларды өтүүдө. Бул тууралуу дарыгерлер тобун жетектеп барган Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина билдирди.

18-январда барган бишкектик доктурлар күн сайын 4 операция жасап, ушул жуманын соңуна чейин болушат.

Өткөн жылы Жалал-Абадда 18 аял төрөттөн каза таап, бул көрсөткүч жыл өткөн сайын өсүп барат. (RsK)

XS
SM
MD
LG