Грозныйда 12-январь күнү журналисттер менен жолугушууда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Орусиянын оппозиция өкүлдөрүн “эл душманы” деп атаган болчу.
Мына ушуга байланыштуу “Биздин күчүбүз биримдикте” деген ураандын астында Рамзан Кадыровду колдоо митинги болуп өттү. Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча ага болжол менен миллионго чукул адам катышты. Митингчилер колдоруна орусиялык оппозиция өкүлдөрүнө жана алардын тарапкерлерине каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Буга чейин орус оппозициясы Рамзан Кадыровду саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнө катышы бар деп атап, аны жоопко тартууну талап кылган болчу.