Аны эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгаруу чечимин 22-январь күнү кечинде Октябрь райондук соту чыгарды. Маалыматтарга караганда, мындай өтүнүчтү сотко Түмөнбаевдин ишин иликтеп жаткан тергөөчү келтирген. Сот чечимине ылайык, Олимпиадалык жеңүүчү сот залынан бошотулду.
20-январдан 21-январга караган түнү жол кайгуул кызматкерлери менен болгон чатактан соң, олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча коло байгесинин ээси Руслан Түмөнбаевге иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган эле.
Милициянын маалыматында, 21-январь түнү Жол кайгуул кызматы жүргүзгөн рейд учурунда Руслан Түмөнбаев айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнү аныкталган. Спорт чебери унаасы камакка алынган соң, уруксаты жок алып жүргөн газ-травматикалык тапанчасы менен милиция кызматкерлерин коркуткан.
Руслан Түмөнбаев 2008-жылы Бээжинде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында жетекчинин орун басары.(ZKo)