Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

“Парламент такси” долбоору уланып жатат


Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Бул жолу “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков жүргүнчү ташып, кирекечтик кылды. Долбоордун демилгечиси, парламенттик басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, депутат ташып бара жаткан учурда жүргүнчүлөр ага каалаган суроолорун берип, жооп алышат:

- Бул жолку жүргүнчүлөрүбүз парламент карап жаткан маселелерден кабардар экен, ошолор боюнча депутатка суроо беришти. Бир жүргүнчү “Кыргызстан” фракциясында болуп жаткан окуялар, депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча суроо берип, ага канааттандырарлык жооп алды.

Жогорку Кеңештин “Парламент такси” долбоору боюнча буга чейин эки депутат жүргүнчү ташыган. Демилгечилердин белгилөөсүндө долбоордун негизги максаты - депутат менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты бекемдөө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG