Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Нарын ОИИБ: Кара-Кечеде тартип бузуу фактылары бар


Кара-Кече
Кара-Кече

Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Молдосариев билдирди. Анын айтымында, облустук жол кайгуул кызматкерлери тарабынан Кара-Кече көмүр кенинен нормадан ашык көмүр жүктөп келаткан автоунаалар кармалган:

- Биз жол коопсуздугун гана көзөмөл кылабыз, ал эми көмүрдүн өлчөмүн эсептеген таразалар Транспорт министрлигине карайт, ошентсе да нормадан ашык көмүр жүктөгөн унааларды кармап, министрликке жөнөткөнбүз, тилекке каршы алар тараптан эч кандай жаза колдонулган жок.

Мындан бир жыл мурда Кара-Кече кенинде көмүр казуу ишин көзөмөлдөө үчүн атайын пункт ачылган. Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов бул блокпостто милиция жана салык кызматынын өкүлдөрү туруп, кылдат көзөмөлгө алынарын кабарлаган болчу.

Кара-Кече өлкөдөгү ири көмүр кендеринин бири. Буга чейин аталган кенде көмүр казууга кылмыштуу топтор аралашып, чыр-чатактар чыккан. (MiK)

XS
SM
MD
LG