Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Москвада саясий репрессияларга каршы митинг өтүп жатат


Москвадагы митинг
Москвадагы митинг

Яуз дарбазасынын алдындагы аянтта өтүп жаткан саясий туткундарды колдоо митингине болжолдуу түрдө 500гө чамалуу киши катышууда. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы билдиргендей, анда укук коргоочулар, жарандык активисттер сөз сүйлөп, Орусияда саясий репрессияны токтотууну талап кылышты. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча митинг “иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бир нече жолду бузду” деп айыпталып, үч жылга кесилген Ильдар Дадинге арналды. Активисттер анын ишин “өлкөдө саясий репрессиянын жаңы түрү” деп айыпташууда.

Ильдар Дадин өткөн жылы декабрда соттолгон. Андан тышкары “иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бир нече жолу бузду” деген айып дагы үч кишиге: Марку Гальперинге, Ирина Калмыковага жана Владимиру Ионовго тагылган. Калмыкова менен Ионов өлкөдөн чыгып кетишкен, ал эми активист Гальпериндин иши тергөөдө.

XS
SM
MD
LG