Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Таиландда “Боинг” учагынын сыныктары табылды


Дайынсыз жоголгон "Боингдин" былтыр Реюньондон табылган сыныгы
Дайынсыз жоголгон "Боингдин" былтыр Реюньондон табылган сыныгы

Таиланддын түштүк аймагындагы жээктерден учактын сыныктары табылды. Ал 2014-жылы 239 жүргүнчү менен дайынсыз жоголгон малайзиялык “Боингге” тиешелүү болушу ыктымалдыгы айтылууда.

Reuters агенттиги кабарлагандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 2-3 метр өлчөмдөгү металлды коомчулукка көрсөтүп, ал Накконситхаммарат провинциясындагы жээктен табылганын маалымдады.

Таиланддагы жалпыга маалымдоо каражаттары бул сыныктар 2014-жылы Куала-Лумпурдан Бээжинге сапар тартып, дайынсыз жоголгон учактыкы болушу мүмкүндүгүн жазды. Бирок бул божомол расмий бышыктала элек.

Темирди таап алган балыкчылар ал сууда бир жылдан ашык убакыттан бери сүзүп жүргөнүн айтышты.

Былтыр 29-юнда Реюньон аралынан аталган “Боингге” таандык башка сыныктар табылган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG