Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Молдовадан орусиялык журналисттер чыгарылды


Молдова бийлиги орус православ чиркөөсүнүн “Царьград” телеканалынын чыгармачыл тобун өлкөдөн чыгарып салды. Журналисттерди Молдовага чакырган епископ Бельцкий жана Фэлештский Меркелл буга нааразылыгын билдирди.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Молдованын атайын кызматы 23-январда Кишиневдогу мейманканадан кабарчы Иван Колесников менен оператор Сергей Красновду алып чыгып, аэропорттон Москвага жөнөтүп жиберген. Аккредитациясы жок келгени үчүн аларга он жылга чейин Молдовада репортаж жасоого тыюу салынды.

Бейшемби күнү Молдова бийлиги Орусиянын “Россия”, “Биринчи канал”, LifeNews, РенТВ каналдарынын жана “РИА новости” агенттигинин журналисттерин мамлекетке киргизбей койгон. Буга алардын өлкөгө кирүү максаты так эместиги негиз болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG