Тунис бийлиги жумушсуздукка байланыштуу уланып жаткан нааразылык акцияларынан улам өлкө аймагында коменданттык саат киргизди.
Тунисте митингдер өткөн жекшембиде жумушсуздукка чыдабай пикетке чыккан жаш жигит өлгөндөн соң башталган. Маркум нааразылыгын билдирүү максатында электр мамысына чыккан учурда ток уруп, мерт кеткен. Андан бери бир катар аймактарда жумушсуздукка каршы нааразылыктар уланууда. Полиция 20 адамды камакка алды.
Премьер-министр Хабиб Эссид кырдаал көзөмөлдө экенин жарыялады.
Тунисте жашагандардын дээрлик 30% жакыны жумушсуз. (SE)