Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Өткөн жылы Нарында милициянын аймактык 10 жаңы пункту ачылган


Коомдук коопсуздукту алдын алуу максатында 2015-жылы Нарын облусунун аймагында милициянын 10 аймактык пункту жана 24 мектепте жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлорунун кеңселери ачылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди. Пунктарды ачуу үчүн бюджеттен 200 миң сомго чейин каражат жумшалган. 2016-жылы дагы беш пункт ачуу пландалууда.

Былтыр облуста коомдук жайларда тартип бузган 82 кылмыш иши катталып, 2014-жылга салыштырмалуу тогузга азайган. (MiK)

XS
SM
MD
LG