Иордания өкмөтүнүн маалымдашынча, мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери Сириядан Иорданияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 12 кишини атып өлтүрдү. 23-январда таратылган расмий кабарга ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандардын колунда курал болгон. Кээ бирлери артка качып кеткен.
Иордания согуш тутанган Сирия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Иорданияда 600 миңден ашуун сириялык мигрант бар. (SE)