Сириялык активисттердин маалымдашынча, өлкө чыгышында Орусиянын аскерий учактары урган соккудан бери дегенде 63 адам набыт кетти. Алардын тогузу балдар. Бирок соккуну орус күчтөрү урганы расмий бышыктала элек.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы билдиргендей, аскерий учактар 23-январда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлгө алган Дейр-эз-Зор кыштагын бутага алган.
Сирия президенти Башар Асаддын союздашы болгон Москва 2015-жылдын сентябрынан бери абадан сокку урууну баштаган. (SE)