Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Конгресстин өкүлдөр палатасы добуш берүүнү токтотту


Кышкы бурганактагы Вашингтон
Кышкы бурганактагы Вашингтон

Кышкы катуу бурганактан улам Конгресттин өкүлдөр палатасы мыйзам долбоорлоруна добуш берүүлөрдү 1-февралга чейин токтотту. Кезектеги добуш берүүлөр 26 жана 27-январга белгиленген эле. Бул тууралуу палатадагы көпчүлүктүн лидери Кевин Маккарти 24-январда билдирди.

Соңку күндөрдөгү бурганак АКШ калкынын төрттөн бирине - 85 миллион элге катуу таасир этти. Анын ичинде баш калаа Вашингтон менен Нью-Йорк шаары да бар. Бурганак коштогон калың кардан улам АКШ чыгышындагы он бир штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Узаган жуманын акыркы күндөрүндөгү катуу кар тозоңу кеминде 18 өмүрдү алып кетти. Алардын көпчүлүгү жол кырсыгынан ажал табышкан. Мындан тышкары он миңдеген үйлөр электр жарыгысыз калды. Бул АКШ чыгышында соңку жүз жылдыктагы эң оор кыштардын бири болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG