Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Темир Сариев шейшемби күнү Баткен облусунда болуп, облустук коллегиянын жыйынына катышат. Өкмөт башчы Баткенге сапары учурунда чек арадагы айылдардын абалына көңүлүн бурат. Премьер-министр өткөн жумада кыска мөөнөттүк эс алууга чыккан. Дүйшөмбүдөн тарта анын жумуш күнү башталат. (AiT)
Премьер-министр жума башында Баткен облусуна барат
